www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда бүгүн, 7-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо күнүнө пландалган велосипед тебүү жана маданий-спорттук иш-чарасы өтүлмөк. Тилекке каршы, эреже катары эртең менен өтүүчү спорттук митинг түшкө маал 12де да болгон эмес. 

Ал эми жергиликтүү басылмаларында, балким, велосипед тебүү башка жакка көчүп кетүүнү чечкендир деп жазышууда.

Эң кызыгы, бул иш-чаранын шашылыш токтотулушуна эмне себеп болгон?

Белгилей кеткек, 3-апрелде министрлер кабинетинин отурумунда президент Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабад шаарынын мэри Язтаган Жылдыковго массалык велосипед тебүүгө жана башка маданий жана спорттук иш-чараларга даярданууну тапшырган.

Бирок, бүгүн, 7-апрелде өлкө башчы жөн гана элин куттуктап, ар жыл сайын өзү кур калбай катышып жүргөн спорттук иш-чара тууралуу маалымат берген эмес.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Түркмөнстан бири-биринен белгилүү аралыкта катар тизилип велосипед тебүү боюнча Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Эске сала кетсек, Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү 1950-жылдан бери 7-апрелде белгиленип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости