www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирусту расмий бир да адамга жуктурбаган Түндүк Корея учурда аралдарда жайгашкан мамлекеттерди кошпогондо жер шаарындагы бирден –бир коронавирус жукпаган өлкө. Бул мамлекеттин лидери Ким Чен Ындын Борбордук телеграф агентчилигине айтканына караганда коронавирус илдетин жуктурбаган себеби, партиянын Борбордук Комитетинин эпидемияга каршы алты айлык мамлекеттик өзгөчө кырдаалдарды кийиргени болуптур. Бул жек көрүмдүү вирустун Түндүк Кореянын аймагына киришине каршы чечкиндүү тоскоолдук жаратып, саламаттыкты сактоо дүйнөлүк кризиске учурап жатканда, стабилдүүлүктү сактап турганын айтты.  Кореянын Элдик Демократиялык Республикасы отуз жыл мурун социалисттик мамлекеттер тарап, таш-талканы чыкса да коммунисттик режимде жашап жаткан мамлекеттердин бири. Өзүнүн чакан экендигине карабай ядролук курал жасап чыгарып, зор АКШ менен тирешип келатат. АКШ деле Түндүк Кореяга көргүлүктү көрсөтөм деп жүрүп, акыры тынчыды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости