www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венециянын бийлиги карнавалдын акыркы эки күнүн дүйшөмбүгө караган түндө токтотту. Шаардагы бардык эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынат. Бул тууралуу Reuters агенттиги облус губернатору Луку Дзайюга шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 22-февралда Италиянын бийлиги оорунун күчөп кетүүсүнөн улам анын алдын алуу чараларын кабыл алган.
Венето жана Ломбардияда мектептер жана окуу жайлар жабылды. Жергиликтүү бийлик абал начарлап кетсе, чукул кырдаал киргизүүгө укук алды. Өлкөнүн түндүгүндөгү 20 шаар карантинге алынды. 50 миңдей адамга бийлик үйдөн чыкпоо тууралуу эскертүү берген.

Премьер-министр карантинге алынган аймактардан бир да адам атайын уруксатсыз чыкпай турганын айтты.

Белгилей кетсек, өткөн аптанын соңку күндөрү Италияда коронавирустан эки адам набыт болгон. Бир сутканын ичинде өлкөдө оору жуктургандардын саны жүздөн ашкан.

23-февралда А сериясындагы футбол оюндары да токтотулду. Европа кубогу үчүн мелдештер жылдырылат же көрүүчүлөрү жок өткөрүлүшү ыктымал. 24-февралда Испаниядан келе турган "Барселонанын" оюнчулары жана башка тийиштүү адамдар медициналык көзөмөлдөн өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости