www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык штаб коронавируска кабылган бейтаптар үчүн ишенимдүү номерлерди жарыялады.

Телефон номерлер:

118 — 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт;

112 — күнү-түнү;

103 — тез медициналык жардам борбору;

1833 — маалымдама кызматы.

Мындан сырткары, COVID-19дун кеңири жайылган белгилерин дагы бир ирет жарыялаган.

Ага ылайык, коронавирус жуктуруп алган учурда адам чыйрыгып, кургак жөтөл башталып, бат чарчайт.

Кез-кезде пайда болгон белгилер:

жыт же даам сезбөө;

мурундун бүтүшү;

конъюктивит (же көздөрдүн кызарышы);

тамак оору;

баш оору;

булчуңдардын жана муундардын оорушу;

териде ар кандай бүдүрлөрдүн пайда болушу;

көңүл айлануу же кусуу;

ич өтүү;

чыйрыгуу же баш айлануу.

COVID-19дун оор формасынын белгилери:

дем алуунун жетишсиздиги;

табиттин жоголушу;

көкүрөктүн катуу оорушу же кысылуусу;

дене табынын көтөрүлүшү (38 градустан жогору).

Дарыгерлер жогорудагы белгилердин бири байкалган учурда адам сөзсүз өзүн изоляцияга алып, өз алдынча дарыланбоого чакырат. Ошондой эле Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен байланышып же штаб жарыялаган телефондорго чалуу кажет.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости