www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулар коронавирустун инфекция таратуучу клеткаларынын лабороториядагы чоңойтулган сүрөттөрү менен бөлүштү. Бул тууралуу haber7.com сайты жазган.
Түндүк Каролина университетинин Балдарды изилдөө институтунун адистери тарабынан ээ болунган сүйрөттөр "New England Journal of Medicine" журналына жарыяланды.
Сovid-19 инфекциясынын дем алуу жолуна канчалык тоскоолдук жаратаары так, ачык көрсөтүлгөн сүрөттөрдү алуу үчүн окумуштуулар лабораторияда адамдын бронхиалдык эпителий клеткаларын коронавирус менен эмдеп көрүштү.
Бул процесстен 96 саат өткөндөн кийин өтө күчтүү сканерлөө өзгөчөлүгүнө ээ болгон электрондук микроскоптун жардамы менен клеткаларга изилдөө жүргүзүлдү.
Мындай жол менен алынган сүрөттөрдөн дем алуу аймагында инфекцияны ткань жана башка адамдарга жайылтууга даяр болгон өтө көп сандагы вирустук бөлүкчөлөрдүн бар экени билинди.
Булак: NazarNews.kg