www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алуу иши боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Мекеменин маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү Ж.З. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж. экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча Ж.З. аттуу жарандан акча каражатын талап кылган. 14-сентябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалган"- деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg