www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку окуу жайлардагы антикоррупциялык билим берүү талкууланган иш-чара уюулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, семинарда жогорку окуу жайлардагы антикоррупциялык билим берүүнү илгерилетүү маселелери каралды. Университеттер бул жааттагы өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, антикоррупциялык билим берүүнү жана ак ниеттик, академиялык чынчылдыкты киргизүү боюнча алдыда жасалчу кадамдарын талкуулашты. Катышуучулар билим берүү аркылуу коррупцияны алдын алуу - антикоррупциялык саясат боюнча маанилүү багыт экенин белгилешип, бул көрүнүштүн кесепеттерин жана күрөшүү механизмдерин аташты.

Мунун менен бирге “Антикоррупциялык саясаттын негиздери” жана “Коррупциянын алдын алуу негиздери” деп аталган окуу колдонмолору тааныштырылды.

Белгией кетсек, иш-чарага Нидерланды элчилигинин ардактуу консулу Е. Юн, Президенттин аппаратынын антикоррупциялык саясат боюнча сектор башчысы Ж. Сеитов, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу, КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А. Акматалиев, Башкы прокуратуранын өкүлү Т. Саякбаев жана “Коррупция көйгөйлөрүн жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоону изилдөө Борбор Азия институту" коомдук фондунун директору Э. Мамбеталиева катышты.

Эскете кетсек, семинар Нидерланды элчилиги тарабынан каржыланган “Билим берүү жана маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу коррупциянын алдын алуу” долбоорунун алкагында болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости