www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистердин божомолу боюнча, ноябрь-декабрь айларында COVID-19дун экинчи толкуну болушу ыктымал. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Каратаевдин айтымынла, коронавирустан айыккан адам кайрадан орун калбашына эч ким кепилдик бере албай турганын белгилеп, санитардык нормаларды сактап жүрүүгө чакырды.
"Мында экинчи толкун эмес, ноябрь-декабрь айларында сасык тумоо менен респиратордук вирустук инфекция жүрүп баштаса, буга COVID кошулганда кандай болот деген коркунуч турат. Бирок бул боюнча биздин медицина кызматкерлери максималдуу түрдө даярдык көрүп жатат", — деди Каратаев.
Мындан тышкары, ал мурдагы "Ганси" базасындагы "Семетей" обсервациясы миңден ашык орун COVID-19 жана пневмонияга чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырып даярдалып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, учурда жугуштуу илдеттер ооруканасы менен №6 шаардык оорукана кабыл алууда. Башка медициналык мекемелер кайрадан өзүнүн профили боюнча бейтаптарга жардам берүүгө өтүп жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg