www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун мутация болуп кетүү коркунучу бар

Коопсуздук эрежелерин сактоо менен коронавирустун мутация болуп кетүүсүнө жол бербөө зарыл. Бул тууралуу ДССУнун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйновичтин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

«Көп мамлекеттердин калкында жетиштүү иммунитет дагы эле жок», — деген ал.

Анын айтымында, эгер коопсуздук, санитардык эрежелер сакталса, анда коронавирустун мутация болуп кетүүсүн алдын алса болот.

«Гигиена эрежелерин жана аралыкты сактап, бет капты түшүрбөш керек. Анткени, вирус бир адамдан экинчи адамга жукканда ал мутация болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондуктан, келгиле, вирустун көнүшүп, ыңгайлашып кетишине жол бербейли!», - деген ДССУ өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн деген божомолун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости