www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышы климаттык шарттардын таасири деген бул жөн эле миф. Бул тууралуу il Giornale билдирди.
COVID-19 инфекциясы декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Ал эми, март айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны пандемия деп жарыялады.
Жакында эле, Италиянын үч университетинин окумуштуулары (Рим университети III, Кьети-Пескардын жана Милан университети) биргелешип, изилдөө жүргүзүшкөн. Анда Кытайдын Ухань шаары, Италиянын Венето жана Ломбардия аймактарындагы климаттык шарттар менен коронавирустук инфекциянын учурларынын ортосундагы байланышты тапкан жок.
Вирусолог Роберто Буриони il Giornaleге так ушул маалымат менен бөлүшкөн. Ал респиратордук оору күн ысыганда басаңдарын тастыктады. Бирок, COVID-19 пандемиясы жайында сөзсүз түрдө төмөндөйт деген бул жөн эле миф экенин айтты. Анын айтымында, бир катар өлкөлөрдүн бийликтеринин киргизген чектөө чаралары-коронавирустук инфекциянын таралышына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу.
Булак: NazarNews.kg