www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гонконгдун университети коронавирус кандай температурада эң активдүү болорун аныктады. Бул температура болжол менен нөлдөн жогору 4 градуска чыкты. Мындай температурада эгер дезинфекция кылбаса, вирус эки жума активдүү болот.

Окумуштуулар ачылышты medRxiv порталына жарыялады.

Белгилүү болгондой, коронавирус жогорку температурага чыдай алат. Бирок 70 градуска жеткенде беш мүнөттөн кийин иштен чыгат.

Ошондой эле, изилдөөчүлөр коронавирус кайсы беттерде эң узак активдүү бойдон кала тургандыгын аныкташты. Ал кагазда 3 саат сакталат, ал эми айнекте 4 саат, пластикте 7 саат сактала турганы маалым болду. Вирус кийим жана жыгачта эки күнгө чейин , медициналык бет каптын үстүндө бир жума сакталат. Ошондуктан аны алмаштырбай колдоно берүүгө болбойт.

Кытайлык окумуштуулардын дагы бир тобу COVID-19 инфекциясы аба температурасына байланыштуу экендигин аныкташты. Андан тышкары, максималдуу оору абсолюттук нымдуулукта 7 г/м3 деңгээлинде байкалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости