www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда сентябрдын аягына чейин дары каражаттарынын стратегиялык запасын толтуруу пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык анализ, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Наинбаев билдирди.
Анын айтымында, ал социалдык тармак аркылуу жыйын курган. Учурда керектүү препараттарды сатып алуу иштери жүрүп жатат.
"Коронавирустун болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна даярдык көрүү үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен Саламаттык сактоо министрлигине дары-дармек сатып алуу тапшырылган. Комиссия түзүлүп, коронавирус жуктурган 15 миң бейтапка эсептелген препараттардын позициясы аныкталды. Учурда сатып алуу жүрүп жатат. Сентябрдын аягына чейин препараттардын стратегиялык запасын толтуруу пландалууда", — деди Наинбаев.
Булак: NazarNews.kg