www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция кайда? Балыкчыда…

10 миң сом айып салган чечими үчүн Нарындагы судья Айнагүл Жоробекованы кызматтан кетирди. Кызыгы, 7 миң тонна буудайды кымырган адамды актаган Балыкчынын судьясы Майрамкүл Дюшембиева дагы деле жазаланбай отурат. Муну кандай түшүнөбүз?   

Быйыл жыл башында, тагыраак айтканда 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президентибиз Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда оор кылмыш жасагандарды бошотуп жаткан сотторго карата мыйзам чегинде аеосуз түрдө чара көрүлөрүн билдирип: «Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса, мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон бардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем» деген. Үч күн мурун Президент Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекованы кызматынан алды. Айнагүл айымдын айыбына назар таштасак, соттук отурумда жабырлануучу тараптын төрт өкүлү прокурордун сөзүн бөлгөнү үчүн залдан чыгарып, сотту сыйлабаганы үчүн 10 миң сомдон айып салыптыр. Тийиштүү кызматтар муну мыйзамсыз деп таап, Жоробекованы кылмышка байлап отурушат.

Албетте, буга эч кандай терс пикирибиз жок, булганган соттордон арылышыбыз керек. Бирок тазалануу демилгеси башталган соң «Карга карганын көзүн чукубайт» дегендей кылбай, баардыгын бирдей карап, иреттүү кетпейби. Дегенибиз, мамлекеттик матрезервдеги 7 миң тонна буудайды уурдап, жалпы өлкө үчүн өтө оор кылмыш жасаган адамды сүттөн ак кылып актап жиберген Балыкчы шаардык сотунун судьясы Майрамкүл Дюшембиева эмне үчүн жазасын албай отурат? Бул жерде Айнагүл Жоробекованыкы окшоп 10 миң сом эмес, миллиондогон акча жатат. 7 миң тонна буудайды ошол учурдун баасы менен жок эле дегенде 15 сомдон эсептесең 105 миллион сом болот. Эмне деген каражат уурдалган. Бул элдин мүлкү да. Эмне үчүн тийиштүү органдар иликтеп, буга чара көрбөйт? Буудайды жоготкон Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чарбак айылынын 1965-жылы туулган тургуну А.С.Төрөкуловду күч органдары Россиядан кармап келип камаса, оор айып жүктөлгөн кишини Балыкчынын судьясы Майрамкүл Дюшембиева сүттөн таза кылып актаптыр. Бул жерде иттин өлүгү көмүлүп, коррупция жыттанып жаткан жокпу? Эмне себептен ал иш Ысык-Көл областтык сотуна өткөнү менен бир жылдан бери каралбай жатат? Биз бул иш боюнча мурун жазганбыз, тийиштүү документтерди алдык, кийинки санда дагы сөз кылабыз.

Камчы Кадыров

Булак: "Де Факто"

Последние новости