www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Антикорупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү, ага президент Садыр Жапаров дагы катышты. Ал жалпы элге кайрылып, коомдо коррупцияга каршы чыдагыс маанай түзүүгө чакырды. Президенттин айтымында, коррупциялык мисалдар тууралуу коомдо такай чуу болуп туруш керек.

Антикорупциялык ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканованын пикиринде болсо, коррупция менен байланыштуу жумуштан бошотулган жетекчилер кийин иши токтотулуп же сот чечими жандырылган болсо дагы, кайра мамлекеттик жана муниципалдык кызматка же мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордо жетекчилик кызматка алынбаш керек.

Бирок мына, биз баарыбыз билген 2 эле ишке токтололу. «Вечерний Бишкек» басма үйү жана «Акнет» интернет-компаниясы рейдерлик жол менен басып алынган, бирок ага катышкан жетекчилер менен соттор эмгиче өз кызматтарында жыргап иштеп отурат. Акыйкаттык орной элек, ал эми «Акнеттин» президенти 2 жарым жылдан бери камакта. Жөн эле сөз эмес, чыныгы иштер керек ко.

Последние новости