www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын Айып:- Баткендеги апрель согушуна жарым жылдан ашык өтүп бара жатат, жапа чеккендерге жардам берилип, үйлөр курулду, азыркы күндө элдин абалы кандай?

Мырзабек Жумабаев: - Элдин маанайы жакшы, бардык нерсе этап-этабы менен акырындап болуп жатат. Өткөндө президент эмеректерге деп 100 миң сомдон берди.  Эми эң негизгиси чек ара маселесин чечип беришсе деген эле элдин үнүн жеткирип коёлу дедик. УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич дагы бүт күч аракетин жумшап жатат.

- Хасанжан, туткунга түшкөн акыбалынызды айтып берсеңиз?

Хакимжон Рузиматов: - Ошол күнү саат 4-5 де автоматтан ок атылып баштаганда, үйдөгүлөрдү коопсуз жерге алып барып, кайрадан үйгө кабар алганы барсам, кошунамдын үйү өрттөнүп жатыптыр. Көп узабай эле, үйүмдүн айнегинен мылтыкчан бирөө мени колго түшүрдү. Кадимки форма кийген аскерлер барымтага алып кетишти.

М.Ж: - Мага эки жердешибиздин туугандары келип, тынчсызданып жатканын айтышты. Азыр кеч болуп кетти, свет дагы жок, эртең эрте менен кабар алалы дедим. Эрте менен өзүм барсам, баягы эки айылдашыбыз Кудайбердиев Махмуд менен Ражаматов Пахлавонго ок тийип каза болушуптур. Менин колу-бутум, көзүмдү байлап 30-40 чакырымдай жерге алып барышты. Бир түркүккө байланып турган баланы үнүнөн таанып калдым, көрсө Хакимжон экен.

- Кыйнашпадыбы?

М.Ж: - Албетте кыйнашты. Тепкилеп жатышканда оң жагымдан төрт, сол жагымдан үч кабыргам сынып кетиптир.

Х.Р: - Мен дагы катуу эле  жаракат алдым. Бизден башка барымтада сегиз айылдаштарыбыз болду. Ар кимибиз ар кандай жаракат алдык.

- Кантип аман калдыңыздар?

М.Ж: - Бийлик тарабынан сүйлөшүү жүргүзүлүп, өздөрү даярдангыла үйүңөргө барасыңар дешти. Ошентип аман калганыбызга сүйүнүп, Бишкектеги ооруканага алып келип дарылатышты. Бизге жардам бергендерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Х.Р: - Калдайган элибиз бар экен, баарына ыракматымды айтамын. Аллага миң мертебе шүгүр, ичээр суубуз бар экен. Мына кечээ эки айылдашыбыз анализ тапшырыптыр, эми жыйынтыгы жакшы эле чыкса экен деп жатабыз. Туткунга түшкөн эмес, согушту көргөн көп жердештерибиздин психикасына доо кетти. Эки айылдашыбыз азыр ушул тапта психикалык ооруканада дарыланып жатат. Азыр деле Максат, Интернационал, Бешкент жана башка айыл тургундары психика жактан жабыркап жүрүшөт. Ошолорго жардам берилсе. Аны бир гана отту кечкендер түшүнөт.

М.Ж: - Өкмөт тарабынан деле жардамдар болуп жатат. Бардык нерсе бир күндө каралбайт да. Акырындык менен болуп жатат. Бир гана чек ара маселеси калды, эми ал дагы жакынкы күндөрдө чечилип калар.

Х.Р: - Ошол маалдагы окуяны мен айтпасам деле, элибиз көрүп жатышты. Үйлөр өрттөлгөн ү аз келгенсип, мал-мүлктөр тонолду. Аны жашырып не?

- Аскерлер тоноп кетиштиби же кандай?

Х.Р: - Аскерлер эмес, ал тараптын жергиликтүү тургундары уурдашты. Бизге азыр жолду ачып берсе, себеби бул жактан барган продуктылар өтө кымбатка түшүп жатат. Биз буга чейин Тажикстандан продукты алчу элек. Эми ойлоп көрүңүз, көмүр өзүбүздөн Сүлүктүдөн чыгат, тоннасынын сатыш баасы 7-10 миңге чыгып кетти.

М.Ж: - Биздин губернаторубуз бу көйгөйдү да чечип бергенге аракет кылып жатат, 5-7 миңге чейин көмүр таратып жатыптыр айылдаштарга.

- Сиздерге эркин микрофон берейин...

М.Ж:- Сабырдуулук менен чек ара маселесин да чечебиз. Элибизде тынчтык болсун эң негизгиси.

Х.Р: - Чек ара маселеси дегенде эле раматылык Чубак ажынын сөзүн эстейм берем. Ал 45 мага, 55 сага деп такташып эки тарап чечип алышса болмок деп. Дүйнөдө ким түркүк болуп калган эле. Ынтымак болгон жерде ырыс бар дегендей, эки тарапта тынчтык жолунда макулдашуу, сүйлөшүү болсо эле болду. Биз, айылдыктар дагы жүрөгүбүз тынч, өз тиричилигибизди кылат элек.

Нарын Айып: - Сиздердин келип бергениңиздерге ыракмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости