www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин доору жүрүп турган маалда, кандайдыр бир коррупциялык ишке шектелип, камакка алынган саясатчылардын тууган-уруктары, жердештери чогулуп, митинг уюштурушканда:
«Ана тигил саясатчы энелердин этегине жашынып атат, жердештеринин артына жашынгысы келип атат» деп эле опурулуп калчу эле АША. Эми ошол эле тактиканы өздөрү колдоно баштады.
Кече 19-июлда Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага чейин ал атайын кызматтын суракка чакыруусунан баш тартып атканы да маалым болгон болчу. Эгерде ал суракка жөн эле өзү басып барса, балким минтип убактылуу камакка да алынбайт эле. Тилекке каршы, Албек мырза алданеден алдын-ала чоочулап, өзүнүн таза экенине ишене албай тургандыгын көрсөтүп койду. Анан эми 20-июлда А. Ибраимовдун жердештери Арашан айылында чогулуп, жыйын куруп атышканы тууралуу кеп кетти.
Жыйынга жалпысынан 40 чакты адам катышууда. Анын жүрүшүнө жакшылап баам салсак, бул атайылап жасалып аткан аракет экени көрүп турат. Көпчүлүн тууган-уруктары, анан анча-мынча кызыкчылыгы бар адамдар болууда.
Демек, А. Ибраимов бир убакта өзүнүн «кожоюну» айтып жүргөндөй жердештеринин артына жашырынып, өлкөдө стабилдүүлүктү бузуу менен болсо дагы жоопкерчиликтен кутулгусу келип турабы?
Булак: NazarNews.kg