www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 23-ноябрда Финансы полициясы тарабынан соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими “К.К.” кармалган.
Белгилей кетсек, буга чейин, ушул коррупциялык кылмышка шектүү делип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы “Ч.С.” деген жаран жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы “Ж.Н.” кармалышкан.
Бул факты боюнча “коррупция” беренеси менен каралган белги боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан “Г.Э.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.
Булак: NazarNews.kg