www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга шектелген чиновник ээлеген кызматынан бошотулду

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нуралиев Таалайбек Молдалиевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка 16-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Ага юстиция министри Асел Чынбаеванын сунушу себеп болгон.

Буга чейин УКМК Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары калкалаган коррупциялык схеманы аныктаганын жарыялаган. Тактап айтканда, төраганын орун басары соттолгон адамдарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шартын жакшыртуу үчүн байма-бай акча алып турган. Андан тышкары ведомствонун орто звенодогу жетекчилеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашырып келген.

Нуралиев 2-августта кармалып, УКМКнын абагына камакка алынган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости