www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда кайрадан өлүм жазасы киргизилет

Талибдер айрым кылмыштар үчүн айыпкерлерди эл алдында өлүм жазасына тартуу жана соттолгондордун колун кесүү эрежесин кайтарууну көздөп жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттигине "Талибандын"* негиздөөчүлөрүнүн бири, молдо Нуруддин Тураби билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

"Колду кесүү коопсуздукту камсыздоо үчүн өтө керек нерсе", — деп билдирген Тураби.

Анын айтымында, жаңы өкмөт мындай жазаны эл алдында колдонуу туурабы деген маселенин үстүндө иштеп жатат.

Белгилей кетсек, мурда талибдер катаал жазаларды колдонушкан. Соттолгон кишини жабыркаган тараптын үй-бүлө мүчөсү башка аткан. Ошондой эле уурулукка баргандардын колун кескен.

Эске салсак, 2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Ооганстанды толук каратып алган. Кийин Ооганстанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган.

Ал эми Кыргызстан делегациясы гуманитардык жардам жеткирип барган

* — Кыргызстан, Орусия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости