www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев мамлекетке 2,5 миллион сом кайтарып берди. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы маалымдады.
“2021-жылдын 9-январында Мамыркалиев мамлекетке келтирилген зыяндын 2,5 миллион сомдук бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берди. Ошол эле күнү Мамыркалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды”, – деп жазылат билдирүүдө.
Финполиция бул иш боюнча ар кандай рангдагы 30 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын эске салды. Коррупциялык схеманын кесепетинен келтирилген чыгым 20 миллион сомду түзгөн, жана анын дээрлик бардыгы мамлекетке кайтарылды.
Эске салсак, 7-январда Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg