www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Наманган облусунун Давлатабад районунда Түндүк Фергана каналынын алдында курулуп жаткан көпүрө кыйрады. Окуядан жабыр тарткандар жок.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, окуя 8-январда болгон. Узундугу 37 метрди түзгөн көпүрө тең экиге бөлүнүп кеткен.
Наманган облусунун администрациясы жөө жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган көпүрө «Ун битта Ахмад» мавзолейине бара турган жолду жеңилдетүү үчүн курулганын маалымдады. Ал жергиликтүү ишкер Маруфхон Ходжихановдун демилгеси болгон жана мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.
Төрт жыл мурун Хорезм облусуна караштуу Ургенч шаарында паркта концерт болуп жаткан маалда көпүрө кыйрап, 16 киши сууга агып кеткен. Курман болгондордун көбү балдар болгон.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg