www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул үч уктаса түшүнө Жогорку Кеңештин депутаты болуу бактысы кирбеген, чала сабат Мээрбек Мискенбаев деген эрен саясатка баш бага албай жатып эле коррупцияга белчесинен батып алган тура. Анын «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси болуп турган кезинде, уюмдун мүчөлөрүнө деп берилген акчалай жардамдарды ар кандай айла-амалдар менен өзүмдүк кылып келгени буга чейин билинген. 2,1 млн сомдук көмүр тууралуу буга чейин маалымат булактары жакшы эле жазышты. Бул тууралуу маалыматты, "Мезгил" баракчасы жазып чыкты. 

Көрсө, М. Мискенбаевдин мындан башка да шылуундук иштери бар экен. Кыязы, ал 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн окуяны «байып алуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү» катары кабыл алса керек.

Сөздү чаргытпай ток этерин айталы, тээ 2014-жылы эле Жолдошбек Сыргаков аттуу жаран апрель революциясынын жабырлануучусу катары арадан 3 жылдай убакыт өткөндөн кийин жасалма медициналык корутунду чыгартуу менен өкмөттөн 50 миң сом жардам алган. Ал мындай медициналык корутунду үч ирет алган жана үчөөндө үч башкача корутунду чыгарлыган. Ж. Сыргаковдун айтымында ал мындай корутундуларды «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин ошол кездеги мүчөлөрү М. Мискенбаев жана Б. Усупова аттуу айымдардын «батир алып беребиз» деген убадалары үчүн жасаган.

«Мен ок жеген эмесмин. Бирок 7-апрель күнү Ак үйдүн алдында бутумду чийдирип алгам. Анан “Айкөл Ала-Тоо” уюмундагы Бурул Усупова деген аял, Мээрбек деген жигит болуп менин жанагы үч экспертизамдын корутундусун жасатканбыз. Бурул Усупова бардыгын сүйлөшүп берген. Ал мага үй алып берүүгө жардамдашса, мен ага он сотых жер тилкесин бермекмин. Бул үчүн мени экспертизадан өткөртүп, жеңил жараат алды деген корутундуну үчүнчү жолкусунда алып берди. Анан мен калп эле ооруканага жатып, жеңил жараат өтүшүп, оорлошуп кеткен деген корутунду чыгартмакпыз. Ошону менен мага курулуп жаткан үйдөн батир берилет деп убада беришкен. Бирок ары-бери чуркап жүрүп эле эки жыл өттү. Канча акчам кетти. Бирок үй берилбейт экен. Мени булар алдап жүрүшүптүр», - деген ал маалымат булактарынын бирине.

Негизи эле башында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү болгону 200дөй болсо, кийин улам эле бирөөнү «жеңил жараат алган» деп мүчө кылып киргизе беришип, 500дөн ашып кеткен. Анан алардын ар бири өкмөттөн 50 миң сом жардам алышкан.

Мындан тышкары 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда болбогондор да «Апрель баатырымын» деп батир алып алышканы билинген. Мисалы, “Каркыра” коомдук уюмунун төрагасы Эмил Кыштообаев убагында эле жабырлануучуларга деген батирлердин жарымына жакыны окуяга тиешеси жокторго берилип кеткенин айтып чыккан.

«Башканы коюп, мен “Айкөл Ала-Тоонун” башындагылардан баштайын. Ал жакта юрист болуп жүргөн Канат деген жигит 7-апрелде Москвада болчу. Анан бул жакка келе коюп, кийин ал уюмда иштеп жүрүп эле батир алып алды. Анан Нарында Апрель окуясынын катышуучуларына мамлекет тарабынан каражат берилди. Бирок Нарында эч кандай кагылышуу болгон эмес эле да. Бир мисал. Бирөөсү 7-апрель күнү малына чөп салып жатып, сарайдан түшүп кетип ооруканага жатыптыр. Анан ал кийин 7-апрелде жараат алдым деп, медициналык корутунду чыгартып, өкмөттөн 50 миң сом кенемте алыптыр. Ушуга окшогон мисалдар көп. “Таатанды”, “Народныйды” жана дүкөндөрдү тонойбуз деп ал жактан жараат алгандардын көбү эле кийин борбордук аянттан жараат алдык деп чыгышкан. Анан ошолордун көпчүлүгү “Айкөл Ала-Тоого” мүчө болуп, өкмөттөн батир алууга жетишти. Менин алты саным аман. Батир албай калдым дебейм. Бирок жанагылар батир талашып, бирин-бири сотко берип, ызы-чуу болуп 7-апрель ыңкылабынын баркын кетирип жатышат», - деген ал.

Мына ушундай көрүнүштөрдүн башында М. Мискенбаев турган. Ал улам өзүнүн тааныштарын, жакындарын уюмга мүчө кылып, мамлекеттен жардам алып бере берген. Же болбосо, «мен батир алып берем, сен ыраазычылыгын кыласың» деген жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бул албетте өтө чоң кылмыш. Эл башына кайгы түшүп, жакындарын жоготуп отурса, М. Мискенбаев ал окуядан акча жасап калууну гана көздөп жүргөнү кимге жаксын?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости