www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактылары тууралуу билдирүүнүн бирдиктүү тартиби бекитилди.

2026-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети №537 токтом кабыл алып, «Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү» тартибин бекитти.

Документ Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу максатында иштелип чыккан.

Жаңы тартипте коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактылары тууралуу билдирүүлөрдү берүү жолдору жана мөөнөттөрү, анын ичинде электрондук түрдө жөнөтүү мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Ошондой эле билдирүүлөрдү каттоо, эсепке алуу жана кароо тартиби аныкталды.
Мындан тышкары, жооптуу кызмат адамдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктары, маалыматтардын купуялуулугун сактоо жана коррупция тууралуу ак ниет билдирген адамдарды коргоо чаралары каралган.

Коррупциялык же башка укук бузуунун белгилери аныкталган учурда укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби да бекитилди.

Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, токтом коррупциялык көрүнүштөрдү өз убагында аныктоого жана бөгөт коюуга, мыйзамдарды бирдей колдонууга, коррупция фактыларын жашыруу тобокелдигин азайтууга жана мындай маалыматты берген адамдардын корголушун күчөтүүгө багытталган.

Тартиптин кабыл алынышы Кыргызстанда коррупциянын алдын алуу системасын өркүндөтүүгө жана коомдо коррупциялык көрүнүштөргө карата чыдамсыздыкты калыптандырууга багытталган чаралардын бири болуп саналат.

Последние новости