www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коррупция фактылары тууралуу билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген жаңы санариптик кызмат ишке киргизилди.

Башкы прокуратура, «Укук» мамлекеттик мекемеси жана «Түндүк» ААК менен биргеликте «Түндүк» мобилдик тиркемесине «Коррупция жөнүндө билдирүү» кызматы интеграцияланды.

Эми жарандар коррупциялык укук бузуулар же мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалыматтарды тиркеме аркылуу акысыз жөнөтө алышат.

Бул үчүн «Түндүк» тиркемесиндеги тиешелүү кызматты тандап, электрондук форманы толтуруп, зарыл болсо далилдөөчү материалдарды тиркөөгө болот.

Жөнөтүлгөн кайрылуулар арыз ээсинин тандоосуна жараша Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.

Жаңы кызмат коррупцияга каршы күрөштө санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара байланышын жакшыртууга багытталган.

Последние новости