www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбек Кулубаев Казакстандын элчисин кабыл алды

2026-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевди дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле мамлекет башчыларынын, өкмөттөрдүн жана тышкы саясий ведомстволордун деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери каралды.

Жээнбек Кулубаев элчинин Кыргызстандагы ишмердигине жогору баа берип, анын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Өз кезегинде Рапиль Жошыбаев Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Министр казак тарапка шайлоо учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Рапиль Жошыбаевге Кыргызстан менен Казакстандын достук жана союздаштык мамилелерин чыңдоого кошкон салымы үчүн «Эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн» ведомстволук медалын тапшырды.

Последние новости