www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин кетирет, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет.

Эсиңизде болсун: ар кандай коррупциялык аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Мыйзамда мындай кылмыштардын бардык катышуучулары үчүн, анын ичинде мыйзамсыз сый акы талап кылгандар же алгандар үчүн, ошондой эле пара сунуш кылган же бергендер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Мыйзам бардыгына бирдей.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык төмөнкү жоопкерчилик каралган:

-Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси-Коррупция. 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
-Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси-Пара алуу. 2 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
-Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси-Опузалап пара алуу. 5 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
-Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси- Пара алууда ортомчулук кылуу. 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
-Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси-Пара берүү. 2 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эгерде Сиз ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылууга же башка коррупциялык аракеттерге туш болсоңуз, анда ИИМдин Ички иликтөө кызматына кайрылсаңыз болот. Ишеним телефону: 0 (704) 99-99-18 күнү-түнү иштейт.

Коомдун жана мамлекеттин биргелешкен аракеттери менен гана коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга болот.

Последние новости