www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр Кыргызстанда 76 университет 230 миңдин тегерегинде студент бар. Студенттердин, окуу жайлардын саны жагынан алганда дүйнөдө алдыңкы орунду бербейт. Бирок сапаты жагынан артынан биринчи орундардын бирин уялбай эле ээлеп турган кези.
Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары Пакистандын кара тизмесине кирген. Мамлекеттик эмес жаштар уюмдарынын сурамжылоосуна караганда, И.Ахунбаев атындагы медициналык академия коррупция боюнча өлкөбүздө биринчи орунга, ОшМУ экинчи, И.Раззаков атындагы техникалык университет үчүнчү, Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университети төртүнчү орунга чыккан.
Ушундай оор жагдайды эске алуу менен билим берүү министрлиги мындан 3 жыл мурда “2040-жылга чейин 3 университетти дүйнөдөгү эң мыкты 200 университеттин катарына кошконго сүрөйбүз” деп жар салган.
Эми болсо билим берүү министрлигинин амбициялуу жаңы жетекчилиги 2040-жылга чейин күтүп отурбай, 5 университетти “эң мыкты университет” деп жарыя кылып отурат.
Маселе “мыкты” деп жарыя кылып койгон менен чечилбейт да. Азыр “Дордойдун” тачкисттеринин диплому чаң басып үйүндө жатат. Депутаттар, милиционерлер, чиновниктер, мэрлер жасалма дипломдор менен кармалып, ышпалдасы чыгып жаткан кезде эң негизгиси адистерди даярдоонун сапатын көтөрүү күн тартибиндеги №1 маселе да!
Булак: Азия News гезити