www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо жана министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн алмашуусуна байланыштуу президентке караштуу «Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин (ККИ) курамын бекитүү жөнүндөгү» 2021-жылдын 21-октябрындагы №475 жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди», - деп билдирди кеңештин басма сөз кызматы. Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин жаңы курамы:

Алиев Медербек Кубанычевич — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы;

Өмүрзаков Сүйүнтбек Абдылдаевич — Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы;

Ашимова Динара Ашимовна — Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;

Козуев Алишер Абибилаевич — Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү;

Нурбаев Жалолидин Паязидинович — Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү;

Азыгалиев Нурланбек Асанбекович — Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү;

Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич — билим берүү жана илим министри;

Иманов Талантбек Ороскулович — санариптик өнүктүрүү министри;

Иманалиев Дастан Шаршенбекович — Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору.

ККИнин курамынан чыгарылгандар:

Койчуманов Мээримбек Нурбекович;

Макешов Чыңгиз Дүйшөнкулович;

Никитенко Наталья Владимировна;

Турусбеков Бактыбек Сагындыкович;

Купешев Болотбек Дүйшекович;

Догоев Дастан Давлетович;

Исеналиев Эмилбек Аскеевич;

Самтырова Гүлүмкан Исаевна;

Түнгатаров Актилек Кырманчиевич.

Маалымкат:

Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши (ККИ) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана бийлик органдарынын, бизнес-коомчулуктун жана жарандык коомдун ортосунда диалогду түзүү максатында түзүлгөн.

Кеңештин жеке курамы баш катчынын сунушу боюнча президент тарабынан бекитилет. ККИнин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, өлкөнүн бизнес жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости