www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кош бойлуу эркек кыз төрөдү

Дүйнө жүзүндө биринчи жолу болгон окуяны People журналы жазып чыкты. Мындайды кинодон эле көрсөк, эми минтип чыныгы турмушта көрүп олтурабыз. Бу кайда болмок эле, баягы эле Америкада.

Орегон штатындагы төрөтканада төрөгөн транссексуал Томас Бити 34 жашта. Наристенин атасы да, апасы да болуп калган Томастын төрөтү жеңил өткөн. Ал врачтардын кесаревосечение менен төрөтөбүз дегенине карабай, өзү төрөп, төрөгөндөн кийин да өзүн жакшы сезип баарын таңгалдырган. Наристенин да денсоолугу эң жакшы. Бир гана маселе – эмизүү. Бирок, ага Томас кайгырбайт, “мен эле эмес, айрым энелер деле эмизбейт”,-дейт ал. Томастын кызынын аты азырынча белгисиз.

Дүйнө жүзүн таңгалдырган Томас мурунку жашоосунда аял болгон. Андагы аты Трейси Лэгондино. Трейси  аябай сулуу, чырайлуу фотомодель болгон. “Miss Hawaii Teen USA” аттуу сулуулар конкурсуна катышып, баш байгени утуп алган.  Анан эле турмушун өзгөрткүсү келип, эркекке айланган. Алгач ал документин алмаштырган, анан операция жасаткан. Операция кылдырганы менен жатыны, жумуткаларын калтырган. Операциянын жыйынтыгында, бир жуманын ичинде тестостерон (эркек гормон) пайда болуп, ага сакал, мурут өсүп чыккан.

Дагы бир кызыгы анын аялы бар. Аты – Нэнси, 46 жашта. 2003-жылы баш кошушкан. 2005-жылы Орегон штатына көчүп келишкен. Ошол жерден жеке менчик фирма ачып, футболка чыгарышкан. Анан балалуу болгулары келип, ушундай кадамга барышкан.

Азыр Томас там салып, дарак отургузуп, мемуар жазайын деген оюу бар экенин  журналисттерге айтып берген. Өзүнүн тагдыры жөнүндө китеп жазып күзүндө чыгарарын да айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости