www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мектеп куруу үчүн кытайлык ТВЕА компаниясы бөлгөн 2 млн. долларды “сугунуп алган” Кубанычбек Кулматовго УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда Кулматов болушунча актанып, жоопкерчиликтен качуу үчүн калп айтканга чейин барууда. Бирок, “калптын казаны кайнабайт” болуп анын айткандары четинен жалганга чыгууда.

Кулматов 6 жыл боюн АШАнын эрке талтаңы болуп каалагандай тайраңдады. Кызматтан кызматка секирип, эбегейсиз байлык топтоду. Ошол эле учурда бул “Эркебайдын” кош жарандуулугуна көңүл бурган эч ким жок. Чынында Кулматов бир эле учурда Кыргызстандын жана Россиянын паспортун көтөрүп жүрөт. Муну Атамбаев бизден жакшы билет. Кыргыз мыйзамдарына ылайык кош жарандуулугу бар жаран мамлекеттик бийликте жетекчилик кызматтарды аркалай албайт жана укук коргоо тармагында да эмгектенүүгө болбойт. АША болсо мындай норманы уруп ойногон жок.

Маселен, Россиянын Башкы прокуратурасынан 2010-жылдын 15-октябрында документтер алынганын, ага ылайык Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны болуп чыкканын белгилеген. Ал турмак анын орус паспортунун маалыматтары да камтылган: 2008-жылдын 30-апрелинде 45 09 №801457 сериясындагы паспорт берилген. Каттоого турган жери РФ Черемушка УФМС. Кулматов кош жарандуу экенин өзү да моюнга алган. “Кыргызстандан 1982-жылы кеткем, ошону менен Россияда окудум, иштеп баштадым, турмуш курдум. Анан СССР тарады. Ал убакта Россияда болчумун. 1995-жылы Даниядагы Россия өкүлчүлүгүнө барууну сунуш кылышты. Мага паспорт жасатып беришти. Бир жылдан кийин ал иш болбой калды. Мен Бишкекке кайтып кеддим. Ал убакта менде орус паспорту бар болчу, бирок жарандык эмес. Жарандык алуу үчүн арыз жазышың керек, а мен эч убакта андай арыз жазбагам. Паспорт берилчү форманы гана толтургам”, – деген Кулматов.

Кыскасы Кулматовго козголгон кылмыш ишине анын кош жарандуулугу боюнча маселени да кошуу керек. Анткени, акыркы 6 жылда кандай чоң кызматтарды аркалабасын анын баары мыйзамсыз болуп саналат. Мынчалык өз билемдик кылган Кулматовду токтоосуз камаса болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости