www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга 40 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышты. Алардын катарында иш-чарага катышып келген, “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев ажо менен жолугушуу жана анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу өзүнүн пикирин бөлүштү.
- Президент башында кириш сөзүн сүйлөп, анан барган өкүлдөрдүн ар бирине 3 мүнөттөн сөз берилди. Укук коргоо тармагында иштеген уюмдардын көптүгүнөнбү же бул тармакта көйгөйлөр бышып-жетилип калгангабы, айтор сөздөр негизинен сот реформасы, прокуратура, милициянын ишмердиктери жаатында болду. Президент мындан аркы жолугушуулардын натыйжалуу болушу учүн тармактар боюнча тематикалык талкууларга чогулуп турууну сунуштады. Жолугушуу танаписи жок 4 саат 10 мүнөт болду. Мурда мындай жолугушууларда президенттик аппарат тарабынан эмне жөнүндө сүйлөшөсүң, кандай суроо берээриңди алдын-ала тактоолор болчу. Бул жолу андай болгон жок, ар ким өзүнүн көкүрөгүндө кандай маселени маанилүү десе, ошол жөнүндө кеп кылып, эркин баарлаша алдык.
- Сиз кандай маселелерди көтөрдүңүз?
- Мен өзүмдүн сүйлөө убактым келгенде 5-6 маселеге кайрылдым. Алар:
1) Улуттук идеология маселеси;
2) Билим берүү системасында болуп жаткан кемчилдиктер жана аларды жоюу боюнча сунуштар;
3) “Манас Төр” руханий борборун түптөө маселеси;
4) Арсланбаптагы эл жакшыларынын сөөктөрү тебеленип, кор болуп жатат, ошону корукка алып, эстелик-мемориалын куруу маселеси;
5) Саясий куугунтукка алынып түрмөдө жаткандарды жана алардын ичинен өзгөчө бөлүп Садыр Жапаровдун "Кумтөр" боюнча жана бузук системанын курмандыгы болуп жаткандыгынан улам аны бошотууну коомчулук талап кылып жатканын айтып өттүм. Бул боюнча аттуу-баштуу аксакалдар, илимий-чыгармачылык-интеллигенциянын өкүлдөрү Президенттин атына Кайрылуу жолдоп жатышканын учурдан пайдаланып президентке кабарладым.
6) Анан аягында, Башмыйзамдын кыргыз элинин кызыкчылыгына төп келбеген, кайсы бир топтун саясий кызыкчылыгы үчүн эле өзгөрүп калгандыгын, ичинде бийлик бутактарынын балансы жоктугу, кош бийликке жол берген беренелердин бардыгы, жана башка мандемдер жөнүндө айтып, 2020-жылга чейин Башмыйзамды коомчулук менен тыкыр, шашпай талкуулап, анан жаңы Башмыйзам кабыл алуу керектигин сунуштадым. Бул ойду башка сүйлөгөндөр да колдоп кетти.
- Буга президент кандай жооп берди?
- Ал “бул маселе күн тартибинде бар, менин президенттик башкаруум учурунда бул маселени ишке ашырам. Жакынкы күндөрдө күн тартибинде жок, бирок келечекте мен президент болуп турганда бул маселеге кайрылабыз, эл менен кеңешип муну чечишибиз керек” деп жооп берди. Мен дайыма Элдик курултай жөнүндө маселе көтөрүп жүгөндүктөн, бул боюнча да айттым. Башмыйзамдын 52-беренесинде турганына карабай, 2012-жылы биринчи окууда кабыл алган бойдон, андан ары жылдырбай токтотуп салышты, парламент Элдик курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алышы керек деген ойду айттым. Мен айткан ар бир маселе боюнча президент алардын маанилүү маселе экендигин, аларга шартка жараша жооп болоорун жана чечилээрин айтты. Мага жаккан жери, Сооронбай Шарипович ар бир сүйлөгөн адамдын койгон маселесине, көтөргөн ой-сунуш, долбоорлоруна ошол жерден жооп берип жаты. Жолугушуу иштиктүү болду, бул алгачкы кадам десек болот. Бийлик менен коомчулуктун ортосундагы ажырымды жоюш үчүн кандайдыр бир диалог болушу керектигин биз ар дайым айтып келгенбиз.
- Кырк катышуучунун арасында ар кандай позициядагы адамдар бар экен. Ошого жараша ал жерде президенттин, бийликтин ишмердигине сын-пикирлер да айтылдыбы?
- Жалпысынан алганда позитивдүү духта өттү десек болот. Туура, мисалы, Нурбек Токтакунов деген адвокат жигит биздин системанын туура эместиги жана президенттин ыйгарым укуктарына байланышкан маселе жөнүндө айтты. Ал кеп кайсы бир адамга карата эмес, система жөнүндө болду. Негизи Кыргызстандагы системанын туура эмес экендиги жөнүндө сөздөр айтылды. Муну кыйыр түрдө азыркы бийликте турган адамга сын катары кабыл алса деле болот. Себеби, кандайдыр бир көйгөй турат, аны кимди бирөө чечиши керек да. Бирок, түздөн-түз жаадырган сын-пикирлер дээрлик болгон жок, 95% позитивдүү нукта жүрдү. Президент өзү да аягында сүйлөгөн сөзүндө “мен мындай болот деп күткөн эмесмин, бир топ ачуу-таттуу сөздөр болот го деп ойлогом, силер менен жолугшуумду канааттануу менен кабыл алдым, бул мен үчүн да пайдалуу болду” деп айтты.
- Учурда кызуу жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш, камоолор, экс-президент А.Атамбаев менен татаал мамилеси тууралу да сөздөр болсо керек.
- Саясий туткундар жөнүндө 5-6 киши айтты. “Сизге деле сындар айтылып жатат, сиз деле камоолорду улантасызбы?” деген кандайдыр бир кыры бар суроолор берилди. Ал жерде көп маселелерге өзүнүн демилгеси менен эле кайрылып, ачыктады. Мисалы, үй-бүлө маселесинде ага-карындаштары жөнүндө биз билбеген кызыктуу маалыматтарды берди. “Мен президент болуп турган учурумда эч бир ага-инимди мамлекеттик биликке кийлигиштирбейм, тарыхка өзүм жооптуумун, өзүм жооп берем” деп айтты. Азыркы иштеп жаткан бийликке көө жабууну максат кылган күчтөр бар экендиги жалпы айтылды. Түндүк-түштүк маселесин күчөтүү, кайсы бир көйгөй жарала турган жерлерди ансайын күчөтүп көрсөтүү боюнча иштердин жүрүп жаткандыгын айтып өттү. Саясий туткундар жөнүндө суроолордун бардыгына эле “эл мындан ары көнүшү керек, бийлик бутактары өзүнүн конституциялык-функционалдык милдетин аткарышы керек, кийлигишүүгө жол бере берсек, анда мурдагыдан эмнебиз айырмаланат, эгерде ушул камалгандардын күнөөсү болсо камалып, күнөөсү жок болсо анда чыгышы керек, аны сот өзүнүн ыйгарым-укуктарынын негизинде ишти карап баалашы керек, мен эч бирине кийлигишкен жокмун жана кийлигишпейм да” деди. Анан, “менин эч ким менен соттошоюн деген оюмда да жок” деп айтты. Мындайча айтканда саясий туткундарга кызыкдар эместигин жана кимдир-бирөөлөр менен соттошуу ниети жоктугун ачык билдирди. Бардык кыргыз коомчулугун далогго, биримдикке жана иштешүугө чакырды.
Маектешкен Кубатбек Айбашов
Булак: NazarNews.kg