www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албек Ибраимов иштен алынды

Бишкек шаардык кеңешинин ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине байланыштуу Албек Ибраимов мэрлик кызматтан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгына жеткирилгенин 19-июлда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирилген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.

Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп 2016-жылдын февраль айында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости