www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон бүгүнкү жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков Рита Карасартовага президенттик аппараттын бөлүм башчылыгын (кайсы бөлүм экенин айткан эмес) сунуштады. Эксперт Тамерлан Ибраимовду патрулдук милицияны реформалоо комиссиясын жетектөөгө чакырды. Ал эми реформаларды жасоо боюнча улуттук кеңеш түзүп, системалуу иш алып барууну сунуштаган. Равшан Жээнбековго бул идеяны колдоорун билдирди жана анын өзүн ошол комиссияны башкарууну сунуштады. Президенттин конструктивдүү сунуш-идеяларга ачыктыгын жана активисттер менен кызматташууга даярдыгын жолугушуунун катышуучулары канааттануу менен белгилешүүдө.
Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүнкү кадамы коомчулуктун арасында оң пикирлер айтылууда.
Булак: NazarNews.kg