www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун ишинде чындык эске алынбай жатканын көрүп мен Албек Ибраимовго карата тергөөдө да объективдүүлүк болоруна ишене албайм" деп билдирди бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Социал-демократтар партиясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Атамбаев “Дастан” ишканасына көп миллиондогон киреше, ал эми мамлекетке бул ишкананын тарыхындагы алгачкы дивиденддерди алып келген долбоор үчүн Албек Ибраимовду кантип айптоого болорун түшүнүү кыйын" деп айтканы кабарланды.

Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгына жеткирилгенин 19-июлда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тараткан кабарда ал тергөөгө бир нече жолу чакырылганы, бирок эгер кармала турган болсо куралчан каршылык көрсөтөрүн билдирип коркутканы, тиешеси бардыгы тастыкталган бир нече кылмыш иши тергелип жатканы айтылат.

Тагыраак айтканда, Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирилген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.

Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

"Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган. 

Булак: Азаттык

Последние новости