www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошко туулгандыгы тууралуу күбөлүк жетпей жатат. Мындай пикирин Ыдырыс Исаков Фейсбук баракчасынан билдирди.

Ош шаардык ЗАГСта туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей жатат. Бул тууралуу шаар тургундары соц тармактарда жазып атышат.

Көрсө ал Бишкектен өтө аз өлчөмдө келет экен. Мисалы: бүгүн саат 14:34кө карата мекеменин бөлүм башчысы 40 даана күбөлүктү почтадан алып келатканын айтты. Дагы 200 даана күбөлүк дүйшөмбү күнү келет экен.

Расмий маалымат боюнча Ош шаарында 300 миң, бейрасмий 600 миң адам жашайт. Шаарда Ош облустук жана Ош шаардык төрөт үйлөрүнөн тышкары дагы бир нече жеке менчик төрөтканалар бар. Ошончо төрөтканада күн сайын кеминде жүз бала төрөлөрү турган иш.

Эми ушу гилтейген шаарга ара күндө 40 даанадан күбөлүк келет деген эмне? Мамлекет жарандар накталай акчасын төлөп аткан күбөлүк менен да элин камсыздай албаганы кандай? Жөн эле жеке ишкер болгондо аймактардагы ар бир ЗАГСты күбөлүк менен үзгүлтүксүз камсыздап алса керек эле.

2012-жылы бүт республикага туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ордуна нике күбөлүктөрдү берип салышкан эле. Аны ойлогондо бу биздеги мамлекеттик кызматтарда жалаң көкмээлер иштеп калганбы дейсиң. Болбосо, күбөлүктү басмага берерде үлгүсү текшерилет, бир нече адистердин кароосунан өтөт.

Жетекчиси акыркы үлгүнү карап, кол коюп бекитет, анан басмага кетет. Макул, басмадан ката кеткен күндө деле аймактарда жарандык АКТларды каттап отурган тажрыйбалуу эжекелер бир сыйра окуп койбогой, нике күбөлүккө балдардын атын жазып берип отура беришкени кандай. "Ой, мунуңар ката экен, муну элге берсек эртең ит болбобуз" -деп, бири да жогорre жакка тил кайрый албаганы таң калтырат.

Ошол 2012-жылдагы катанын кесепети али да жоюла элек экен. Азыр да ошол ката күбөлүктү оңдотуу үчүн элдер келип атыптыр. Оштун ЗАГСндагы адистер ошол нике күбөлүк канча балага берилгенин айтпай коюшту.

Дагы бир маанилүү сөз, Ош ЗАГСта дайыма кезек болот. Элди кезекке күттүрүп коюп, тырмагын боёп отурган сулууларга нечен жолу күбө болгом. Жетекчиси дайыма же жыйында, же сотто, же почтодо, же дагы башка жакта болот. Аны сураган кишиге андагы созулган кыздар оңдуу жооп бергенден эринишет. 
Акыл үйрөткөндөй болбоюн го бирок, Ош ЗАГСына тартип керек. Андагы кызматкерлер жарандарды сыйлаганды, жарандардын убактысын, убарагерчилигин баалаганды үйрөнүш керек.

Баса, кечээ өкмөт башчы Грузиядагы реформаны үйрөнгөнү барган экен. Башбакан эми биздеги кагаз берүүнү реформалайт бекен?

Ыдырыс Исаков, Ош шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости