www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-ноябрь милиция күнүнө карата “Генералдар клубу” майрамдашып, өз ара чер жазып алышты. Бул уюмду Сабырбек Дубанаев жетектейт. Ичиндеги уюшмаларын тизмектебей эле коёлу.

Басымдуу бөлүгү кошоматчылар. Кайсы бийлик келбесин, баарына жагымпоздонуп эле жүрүшөт. Көбүнчөсү байлыктарын сактап калуу, балдарын кызматтарга орноштуруу, бизнестерин жүргүзүү сыяктуу пендечилик иш-аракеттерден көтөрүлө албай калышкан.

Коомчулуктагы көрүнүштөргө калыс пикирлерин айта алышпайт. Жалтакташат. Бийликти сындабай эле коюшсун, жүрөктөрү түшүп калбайбы! Тек гана адилеттүүлүктү оозана алышпаганына таңгаласың.

Той-аштарда гана төргө отурууга жулунушат, деңгээлдерин карачы! Жыйынтыктай келсек, мындай “Генералдык клубдун” кимге кереги бар? Тынч эле жоюлуп кетишпейби?! Элдин кыжырын кайнатышпай…

Булак: Азия News гезити

Последние новости