www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Өзбекстандын Коргоо министрлигинин атайын операциялык күчтөрүнө 2,8 миллион долларга Polaris MRZR үлгүсүндөгү 50 жеңил тактикалык күжүрмөн унаасын берди, деп билдирет Haqqin.az Ташкендеги Америка элчилигинин басма сөз кызматына таянуу менен.

АКШнын Борбордук кургактагы күчтөрүнүн командачысынын орун басары, генерал-майор Вендул Хаглер Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин Атайын операциялык күчтөрүнө Polaris MRZR үлгүсүндөгү 50 жеңил тактикалык күжүрмөн унаасын тапшырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, жабдуулар Пентагон каржылаган “Өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу” программасынын алкагында берилген. «Унаалар 2,8 миллион долларга бааланып, Өзбекстанга бекер берилген америкалык коргонуу продукциясынын бир бөлүгү», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости