www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-көрүнүш
Администратор: - Сиз орусча түшүнөсүзбү?
Шурик: - Ии (башын ийкейт).
Администратор: Мой тост: Когда вся стая полетела зимовать на юг, одна маленькая, но гордая птичка сказала: "Лично я полечу прямо на солнце". Она стала подниматься все выше и выше, но очень скоро обожгла себе крылья и упала на самое дно самого глубокого ущелья. Так выпьем за то, чтобы никто из нас, как бы высоко он не летал, никогда не отрывался бы от коллектива.
Шурик (ыйлайт)
Администратор: Что случилось, дорогой?
Шурик: - Птичку жалко! Анан да мага жалко! Эмне үчүн Жапаровду бийликтин дал төбөсүнө алып барат? Ал элди ойлобой эле өз капчыгын ойлоп жатпайбы?
Администратор: Эмнеге?
Шурик: Бул куруткур Акылбек шайтан жетим көпөлөктөй айланып учуп жүрүп, элди жетим кылмай болду. Мишустинге ийилип барып карыз алып келет. Ишинен бир жыйынтык чыккан жок.
Администратор: Аны мага эмнеге айтып атасыз?
Шурик: Жапаров Жапаровко душман!
Администратор: Коё турүңузчу... Менде бир ой туулуп жатат. Сиз мас эмессизби?
Шурик: Мен ичпейм да...
Администратор: Анда кибернетиктер үчүн алып жиберели!
Шурик: Кибернетиктердин эмне кереги бар, өткөн жумада өзбек журналисттерине маек бердим. Анын чоо-жайын айтып берейин.
Администратор: Сиз эмне себептен жана кандайча маек берип калдыңыз?
Шурик: Өзбекстан жаңы Башмыйзамды кабыл алуу алдында турат. Анда «жерге жеке менчик киргизүү керекпи?» деген талылуу маселе бар экен. Бул жаатта Кыргызстандын тажрыйбасы бар экендигине байланыштуу өзбек журналисттери биздин биринчи президентибиз Аскар Акаевге кайрылышыптыр. Ал мени сунуш кылган экен. Ошол себептен маекке макулдук бердим.
Администратор: Маек канча убакытка созулду?
Шурик: Бир саат. Канчасын пайдаланышат, ал мага белгисиз. Биздеги айыл реформа боюнча көп суроо берилди.
Администратор: Анда суроо-жооптор менен таанышсак. Алгач эмнеге кызыгышты?
Шурик: Жетимиш жыл бою кан-жанына, акыл-эсине «колхоз-совхоз» деген система терең сиңген элде «кантип реформа жүргүзө алдыңар?» деп таңгалып сурашты.
Анткени Өзбекстанда дагы эле эски система сакталып, айыл чарба тармагы мамлекеттин миллиарддаган дотациясы менен жашап, сакталып келатпайбы. Жагдайды кеңири айтып бердим.
Алсак, СССРдин курамына кирген он беш союздук республиканын өткөн отуз эки жыл ичинде алтоосунда гана айыл жеринде системалуу өзгөрүү жасалып, рынок экономикасы орнотулду.
Биринчи болуп, 1991-жылы эле Прибалтиканын үч республикасы реформа жасашты. Анткени эли да, бийлиги да толук даяр болчу. Колхоз-совхоздор дароо жоюлуп, алардын жерлери мурдагы (1940- жылга чейинки) кожоюндарына, менчик ээлерине өткөрүлүп берилди. Колхоз-совхоздордун башкаруу системасынын ордуна рыноктук башкаруу орнотулду. Айыл чарба тармагы натыйжалуу жолго түштү.
Айыл реформасы жүргүзүлгөн төртүнчү өлкө – Армения. Бул өлкө 1990-жылы эң оор акыбалга тушуккан. Аны энергетикалык жана азык-түлүк кризиси муунтуп турган. Кийинки жылы январда президент Л.Тер-Петросян өзүнүн жарлыгы менен колхоз-совхоздорду жоюп, жер жана мүлктү айыл калкына таратып, «өкмөттө бир тыйын жок, өзүңөрдү өзүңөр баккыла» деген.
Армян айыл калкы эркин чарбачылыкты тез эле өздөштүрүп кетишти. Айыл реформасы турмушка ашкан бешинчи өлкө – Кыргызстан. Бизде 1990-жылы эле айыл чарба оор кризиске кептелген. Коммунисттер башкарып турган ал жылы колхозсовхоздордогу 8,3 миллион ак койдун эки миллиону айлык акы жана бартер аркылуу (үрөн, ГСМ ж.б. сатып алуу үчүн) жок болгон.
Эгерде Москва дотация берип турганда колхоз-совхоздордогу өндүрүшкө жумшалган каражаттардын структурасында ГСМдин (күйүүчүмайлоочу майлар) наркы төрт пайызды ээлеп келсе, дотация токтоор менен ал көрсөткүч кырк пайызды (!) түзгөн. Бирок бийлик да, элдин 99 пайызы да айыл реформасынын аба-суудай зарылдыгын түшүнгөн эмес. Баары тең колхоз-совхоздорду сактоону, аларга ири дотация берүүнү талап кылып турушкан.
1992- жылдын башында айыл чарба министрлигинин алдында «Агрардык кеңеш» деген уюм түзүлүп, ага адистерден тышкары «легендарлуу парламенттин» он чакты депутаттары, колхоз-совхоз жетекчилери киришкен. Уюмдун мүчөлөрү кеңири эсеп жүргүзүп, ал 1992-жылга карата колхоз-совхоздор үчүн 16 миллиард рубль дотация талап кылышкан.
Ошол мезгилде бюджет боюнча депутаттарда да түшүнүк болбоптур. Көрсө, ал жылы эгемен Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгү 2,4 миллиард рубль экен. Ошондо «Агрардык кеңеш» андан жети эсе көп акча сураптыр! Бюджетте кызматкерлерге айлык, жөлөк пул, карыларга пенсия бергенден тышкары ашыкча бир рубль жок экени менен эч ким эсептешпептир. Ошентип, 1990-93-жылдары айыл чарба тармагы чыгашадан башы чыкпаган.
Абалды 1994-жылы 22-февралда чыккан президент Аскар Акаевдин «Жер жана агрардык реформа жөнүндөгү» жарлыгы жөнгө салган. Ага ылайык, айыл эли жерге, мал-мүлккө ээ болуп, эркин чарбачылыкка өткөн.
Айыл реформасынын биринчи этабы (1994-98-жылдары) өз жемишин берип, айылда мамлекеттен бир сом дотация албаган, сурабаган эркин дыйкандардын кеңири катмары пайда болду. Айыл реформасын жүзөгө ашырган алтынчы өлкө – Грузия. Аларда Михаил Саакашвили президент болуп шайланганда (2003- ж.) анын экономика министри Каха Бендукидзе айыл жерине да реформа жасап, рынок экономикасын орноткон.
«Кавказ туткуну» фильминин кыргызча варианты
ФБда сатиралык сериал
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg