www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда дарыгерлер аялдарга кош бойлуулукту коронавирус пандемиясы аяктаганга чейин жылдырууга кеңеш беришет. Бул пандемия учурунда энелердин өлүмү төрт эсеге көбөйгөндүгүнө байланыштуу деп билдиришет казакстандык басылмалар. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын тогуз айында Казакстанда 136 кош бойлуу аял каза болгон. Себеби алар пандемия учурунда өз убагында жардам алышкан эмес. Эксперттер коронавирустун экинчи толкуну болгон учурда дагы ушундай кырдаал кайталанышы мүмкүн деген божомолдорду айтышкан. Учурда Казакстанда беш миңге жакын кош бойлуу аял COVID-19га анализ тапшырган
"Дарыгерлердин айтымында, коронавирус эркектердин ден соолугуна олуттуу коркунуч алып келиши мүмкүн. COVID-19дун жеңил формасы менен жабыркаган эркектердин биринчи айларында дарыгерлер сперманын жоктугун байкашкан. Алардын калыбына келүүсү үчүн эки-үч ай убакыттагы дарыланууну талап кыларын айтышкан. Эми дарыгерлер COVID-19 төрөлө элек балдардын абалына кандай таасир этерин аныкташы керек", - деп айтылат маалыматта.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg