www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шумдугуң кур! Өз үйүң,өлөң төшөгүңдөн качкан кантип жакшы болсун.
Бирок, турмушта ушуга жеткизген учурлар да кездешет экен.
Кечээ эле 6 кишиден турган үй-бүлө өз үйүнөн түн ортосунда качып чыгууга аргасыз болду. Эми алар үйүнө кайткандан коркуп жатышат. Себеби көзгө көрүнбөс кандайдыр бир күч аларды үйдөгү буюмдар менен ургулай берет. Бул окуя тууралуу Польша ММКсы билдирип чыкты.
-Бул үйдө жашаганыбызга 15 жыл болду. Ушул убакка чейин эл катары тынч эле жашап келатканбыз. Төбө чачты тик тургузган окуя 23-ноябрда башталып , азыркыга чейин уланып келет.
Биз коркконубуздан эч нерсеге карабай түн бир оокумда ич кийимчен көчөгө качып чыктык. Ошол күнү кечинде адегенде эшикти бирөө каккылады,ачсак эч ким жок.
Анан саат сегиздерде дубалдагы сааттын батарейкасы бизди көздөй ыргытылды.
Эртеси бизди көздөй үйдөгү оюнчуктар, кашыктар, а түгүл бычактар да ыргыды.
Чатырда эч ким жашабаса да шыптан суу тамчылай берди.
Мен айылдык кеңештин төрагасын, дин кызматкерин чакырып келдим. Ал үйдү ыйык суу менен тазалап кеткенден кийин деле баягы көрүнүш кайталанганын койбоду.
Балдарым коркуп үйгө баргандан коркуп жатышат. Эми эмне кылабыз, айлам түгөндү -дейт санаага батып убайым чеккен Кристина.
Улуу Тужа поселогунун төрагасы да жергиликтүү басылмаларга берген маегинде айыл тургундары да мындан чоочулап жатышканын билдирген.
Булак: "Сырдуу дүйнө"