www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери улантылууда.

Бүгүн, 13-августта издөө иштерине Баткен району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 9 куткаруучусу, ИИМдин 38 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан жалпы 90 адам тартылды.

Ошондой эле издөө иштерине 3 дрон колдонулууда.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-август күнү болжол менен саат 18:00дө Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылына караштуу Кожешкен жерлигинде болгон.

48 жаштагы эркек киши Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен.

11–12-август күндөрү да ӨКМ, ИИМ кызматкерлери, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан турган топтор тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн.

Издөө иштери Баткен облусунун башчысы М. Рахимовдун жеке көзөмөлүндө.

Кошумча маалымат берилет.

Последние новости