www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура эмне үчүн өкүмгө даттанып, эмнени талап кылып жатканын айтып берди.
“Актоо (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) өкүмүн прокуратура жокко чыгарып, жаза чектөөнү суранууда. Мындан тышкары, 326-берене боюнча да өкүмдү өтө жеңил деп эсептеп, жазаны катаалдаштырууну талап кылууда. Мен жактаган адамдын позициясы, биз күнөөсүзбүз жана актоо өкүмүн талап кылабыз”, - деди Айткулов.
Буга чейин прокуратура “75чилердин каты” ишинин фигуранттарын тогуз жылдан эркинен ажыратууну сураган эле.
Эскерте кетсек, июлдун башында Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевди, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулун мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратып, бирок 3 жылга пробациялык көзөмөл колдонгон. Сот аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп таап, бирок “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актаган.
Ушундай эле өкүм саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асановго карата дагы кабыл алынган.
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишинин апелляциялык арызы боюнча процесс уланып жатат.