www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты Кожобек Рыспаев 2020-жылдагы шайлоодо өзүнүн талапкерлигин койбой тургандыгы маалым болгон. Кабарлар.kg маалымат агенттиги Рыспаевдин кандай себептер менен шайлоого барбай турганын билүү үчүн өзүнө кайрылганда төмөндөгүлөргө токтолгон.
«Мен буга чейин элиме кызмат кылдым, кандай иштегениме эл тараза, бааны элим берет. Депутаттык мезгилде мени ээрчиген ыплас сөздөргө түшүнүү менен туруштук бердим. Азыркы тапта мен ден соолугума жана үй-бүлөмө кам көрүп, депутаттыкка атганбайм деп чечтим. Мен чарчадым, эми эс алам. Мындан кийин чыгармачылык, ишкерлик менен алектенем. Элге кызмат кылуу үчүн сөзсүз депутат болуунун кажети жок» деп билдирди эл өкүлү.
Булак: Азия Ньюс