www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев аны партиядан чыгаруу тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин чечими тууралуу комментарий берди.

Ал КСДПны эч качан ЖЭБдеги коррупция үчүн күнөөлөбөгөнүн, четтетүүнүн төркүнү башкада экенине токтолду:

- Мага “Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга КСДПны айыптаган” деп кине тагып жатышат. Мен эч качан антип айткан эмесмин, ага акым да жок. Анткени буга партиянын кандай тиешеси бар? Экинчиден алар айтып жаткан Нурлан Өмүркул уулуна эч кандай тиешем жок. Мен аны кызматка сунуштаган эмесмин, эч жерде коргогон эмесмин. Тескерисинче мен жетектеген Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин корутундуларында ага карата бир топ эскертүүлөрдү келтиргем. Мунун баары жөн гана шылтоо. Мен партиянын төрагалыгына Алмазбек Атамбаев шайланган съездге барбай калганым үчүн гана мени мүчөлүктөн чыгарып коюшту. Келбей койду, демек биз менен эмес дегендей чолок ой болуп жатат. Ооба, мен ал жыйынга бара албай калгам, бирок эч жерде мен партияны жамандап сүйлөгөн эмесмин. Мен Атамбаевге каршы эч жерде сүйлөгөн эмесмин, аны менен мамилем начарлап кетти деп да айта албайм. Мунун баары анын тегерегиндегилердин иши болду. Чыгарса чыгара беришсин, мен ага кайгырбайм, - деди Рыспаев.

29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубава бул чечимге түшүндүрмө берип, Кожобек Рыспаев “Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда өз киши болгон эмеспиз” деп айтканы аны партиядан кетирүүгө негиз болгонун билдирген. Жолдубаева ошондой эле модернизациялоо боюнча ишти кароодо депутат "Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун коргоп келгенин, анткени аны бул кызматка Рыспаев өзү сунуштаганын"кошумчалаган. Социал-демократтардын өкүлү бирок бул кептер кайсы жерде айтылганын тактаган эмес.

Кожобек Рыспаев 2010-жылы “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылышта, 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен VI чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болгон.

КСДП партиясы буга чейин пикир келишпестиктен улам Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди да мүчөлүктөн жана фракциядан чыгарып салган. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости