www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ЖЭБге корогон 386 млн доллар бирөөлөрдү баатыр кылса, бирөөлөрдү өз көлөкөсүнөн коркуп, түшүнөн чоочуп ойгоно турган абалга алып келди.
Парламентте болсо Кожобек Рыспаевдин кыйкырыгы катуу чыгып, кечээ эле чакырса чуркап барчу адамдарына акаарат айтып туру. Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаевге өктөм сүйлөп, калп айтып жаткандарын кайра-кайра эскертип атпайбы. Айрыкча Сапар Исаковду эл алдында катуу уят кылды. Өзүн чакырып алып ТВЕА маселесин көтөрбөшүн, ага президент Атамбаевдин жини келип жатканын айтып, ким бул маселеге кызыкдар болгонун ачыкка чыгарып салды.
Рыспаевдин айтканы чындык болсо, Атамбаев ТВЕА маселесин ким көтөргөн болсо, ага жини келип, өзү көзөмөлгө алган долбоор коомчулукка айкын болбой бүтүшүнө кызыкдар болгон экен да.
Азыр баатыр болуп жаткан Кожоке эмне үчүн ошол мезгилде Атамбаев мага жини келип атыптыр, ТВЕА маселесин көтөрбөшүмдү сураныптыр деп айтпаган?
Ал учурда Атамбаевге каршы сөз айтканга духу жетет беле? Каршы чыкмак турсун, депутаттар көзүн карап тик сүйлөөдөн калчылдай турганы жалган беле? Сөздү учурунда айтыш керек да, туурабы? Кожокенин да учурунда айтпай, Атамбаев жалгыз калган кезинде тепкилегени эрдик эмес го.
Булак: “Жаңы ОРДО”