www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Сиздин ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен байланышыңыз бар экендиги тууралуу Сапар Исаков айткан маалымат канчалык чындык?
-Нурлан Өмүркул уулу менен менен туугандык байланышым жок, достук да байланышым жок. Жөн гана адис катары, ошол жерде техниктен, мастерден баштап өскөндүгүнө карата комитеттин төрагасы катары аны «жакшы кызматкер» деп мен түзүк рекомендация бере алам. Болгон байланышым ошол. Мен Калиевге сунуш катары пикиримди айткам. «Ошол жерде өмүр бою иштеген, таза жигит бар экен, ушуну бир карап көрбөйсүңөрбү?» деп. Мен кызматка коё албайм дагы, алалбайм дагы. Ал менин компетенцияма кирбейт.
-Сиз Сапар Исаков менен кер-мур айтышып кетпедиңизби. Чын эле ал сизди чакырды беле?
-Ооба. Депутатгар айтып атыш-пайбы, «эч ким көңүл буруп караган эмес, авария болгондон кийин гана билинди» деп. Авария болгонго чейин эле мен барып карагам. ТЭЦте көчмө жыйын өткөзүп, «эмне үчүн баа мынчалык кымбат, эмне үчүн мынчалык жогорулатылган?» деп маселе кетөргөм. Ошондо Сапар Исаков мени чакырып алып, «муну эмнеге көтөрүп атасыз? Көтөрбөңүз. Кытай менен мамилеге доо кетип калат» деди. «Тастыктап көтөрөлү анда. Бул маселе эртеби-кечпи баары бир көтөрүлөт» десем, «анда тастыктап көтөрүңүз» деди. Электр станцияларына запрос берсем, эч кандай чечмелөө болгон жок. Ошон үчүн КСДП фракциясынын жыйынында «эсеп палатасына тапшырма берели» деп маселени дагы көтөрдүм. Сапар Исаков дагы жолукту да «байке, президент аябай капа болуп жатат сизге. Көтөрбө деп айтпадым беле?» деди. Анан авария болордун алдында мен президентке кирип сурадым, «Алмаз Шаршенович, акча таап келип, ТЭЦ курулсун дегениңизди биз колдойбуз. Бирок, ТВЕАнын жанагындай чоң баа койгону туура эмес го» десем, «ТЭЦ курулушу керек болчу. Бирок, ТВЕАнын ишин, аткарылышын карай бергиле» деп койду. Ошондон улам менде «президент Сапар Исаковго айтканбы, же айткан эмеспи? Же өзү эле айтып койдубу?..» деген ой кетип атат.
-Профилдик комететтин төрагасы катары ТЭЦтеги аварияга өзүңүздү жоопкер сезесизби?
-Моралдык гана жоопкерчилик да. «ТЭОсу жок экен» деп, таза көшөрүп өткөзбөй койсок, анда ТЭЦ курулбай калмак. Жаңы ТЭЦ болбогондо «эл душманы» болуп, анда да балээге калмакпыз. Биерде мындай да: быякка барсаң атың өлөт, тиякка барсаң өзүң өлөсүң...
Керим МУРАС
Булак: АЗИЯньюс