www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Кожобек Рыспаевдин кесиптештери тууралуу айткандары “Манастагыдай” болуп “жарымы жалган, жарымы чын” болуп чыкты. Буга чейин NazarNews агентигине берген маегиндеКожобек мырза өзүн актоо үчүн Япониядагы жоругун башка экс-кесиптештерине оодарууга аракет кылган. “Японияда мен эмес, Алимбеков, Эшимовдор сигарет чегип, Нургазы Айдаров 700 доллар айып төлөгөн” деген сөзүндө өрдөк аралашкан мандемдер жетиштүү болуп чыкты. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн экс-депутат, учурда БШКнын төрага орун басары Акылбек Эшимовго байланышканыбызда, ал деги эле тамеки чекпесин билдирди.

- Мен өмүрү тамеки чеккен эмесмин, муну башка кесиптештерим деле тастыктай алышат. Кожобек Рыспаевдин эмне үчүн мени кошуп сүйлөгөнүн түшүнбөй калдым. Анын өзүнө чыкканымда “сени да чегет деп ойлопмун, биягын өзүң тууралап кой эми” деп айтты. Нурбек Алимбеков болсо артынан түшүп чеккен адам эмес, кээ-кээде гана маанайына карап чегип коёт. Мен билгенден ошол күнү Нургазы Айдаровдун номеринде Алимбеков менен Айдаров экөө бир нерселерди кызуу талкуулашып отурушкан. Менимче, экөөнүн ортосунда кандайдыр-бир түшүнбөстүктөр да болуп жаткандай болгон. Ошондон улам алар тамеки чеккен болушу мүмкүн. Анан мейманкананын администрациясына кармалып калышып, Нургазы Айдаров айып төлөгөн. Кийин биз кеткенден кийин да матрацтын алдынан тамекинин калдыктарын табышканын укканбыз. Аларды ким таштаганын мен билбейм, - дейт Эшимов.

Куудулдук жагынан Күмөндөрдү жолдо калтырган Кожокенин укмуштуу окуялары элди эч зериктирбей келет. Ар кайсы партияга секирип жүрүп тамтыгы чыгып бүткөн кайран киши арыдан-бери болуп башаларды ушактаганды токтотсо болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости