www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбековдун кооптуу тилкелерди чукул арада аныктап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тапшырмасынын негизинде учурда Баткен облусунун аймагында кооптуу участкалар толук такталып, табигат кырсыктарынын кесепеттеринин алдын алуу иштери аябай күчөдү. Маселен, ушул тапта Кожешкен-Сох дарыясынын Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтү аркылуу өткөн жээктерин бекемдөө жумуштары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда кызуу жүрүүдө.

Узундугу 400 метрге созулган жээктеги жумушка жергиликтүү бийликтен 9 техника, 2,5 тонна күйүүчү май, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2,100 тонаа күйүүчү май берилди. - Жээкти бекемдөө жумуштарынын натыйжасында 46 турак үй суу каптоо коркунучунан арылды, - дешет адистер. Айтмакчы, Сох дарыясында 40 кубдан, 320 м. кубка чейин суу агат. Ушул тапта дарыядагы суунун көлөмү 85 кубду түзөт.

Жыл сайын жаз мезгилинде чоң көлөмдөгү суунун келиши менен дарыя жээгиндеги айыл элинин негизги киреше булагы болгон күрүч талааларын жууп кетип, дыйкандарды жыл сайын чоң чыгымга учуратат. Жыл өткөн сайын дарыянын кооптуулугу жогорулап, учурда бул аймак облустагы кооптуу аймактын катарында. Айрым участкаларында калктуу конуштарга жакын калып, кооптуу учурлар жаралып турат.

Ошондой эле бекемдөө жумуштары жүрбөсө дарыя жээгиндеги жогорку чыңалуудагы электр линияларын да алып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан бул аймакта ар дайым жээкти бекемдөө жумуштары жүрүп турат. Буга далил ушул эле Кожешкен-Сох дарыясынын аркы жээгинде узундугу 200 метр болгон капиталдык курулуш, дамба бүткөрүлгөн.

Булак: "Майдан. kg" 

Последние новости