www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, Көрөйүн дейт, коштогондор көрсөтпөйт», - деген ыр саптары экс-президенттин бейнесине куп жарашып калганын турмуш бүгүн көрсөтүүдө. Коррупцияга каршы күрөш, акыйкаттык, адилеттик тууралуу сөздөр өтө көп айтылып келгени менен Алмазбек Атамбаевдин убагында да коррупциялык элементтер өтө эле күчтүү болгонун Бишкек ТЭЦи далилдеп койду.
Мындай былык иштер дагы башка ишке ашкан долбоорлордон чыгышы мүмкүн экендиги да айтыла баштады. Ошондон улам экс-президенттин айланасындагылар «шефин» кайрадан саясатка аралаштыруу, ал тургай кайрадан бийликке алып келүү аракетин көрүп атышкандай.
Фарид Ниязовдун досуна тиешелүү болгон «АКИ-пресс» маалымат агенттигине А. Рязанцев аттуу астролог маалымат жыйынын өткөрүп, «А. Атамбаев 2019-жылы саясатка кайтып келиши мүмкүн» деген божомолун билдириптир. Анын айтымында, 2019-жылдын жай-күз мезгилинде Атамбаев саясатка жаңы сапатта кайтып келет имиш. «Бул Атамбаевдин саясый карьерасындагы жаңы этап болот» дейт ал. А. Атамбаевдин саясатка кайтып келиши же келбеши, албетте, өзүнүн иши. Бирок, ага бул астролог эмнеге мынча кызыгып калганы түшүнүксүз.
Ал үчүн кимдин качан саясатка кайтып келери деле анча маанилүү эмес. Болгону анын ушундай божомол айтып бергени үчүн төлөнгөн акча каражаты гана маанилүү болуп атканын түшүндүк. Бул астрологдун жогорудагы айтканынын артында «С. Жээнбеков бийликте бир жылча туруп турушу керек, андан кийин Алмазбек Атамбаев кайрадан саясаттагы оюнун баштайт» деген тымызын ой жатканын да түшүндүк.
Кыязы, Атамбаевдин кеңешчилери адегенде Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, өмүрүндө макала жазып көрбөгөн Алмазбек Курманалиевди бир макалага автор кылышып, андан кийин алдын-ала даярдалып, «ушуну окуп бересиң» деп 17-мартта Мээрбек Мискенбаевди элдин алдына чыгарган «фокустары» өтпөй калгандан кийинки абалдары астрологдорго күнү түшкөн деңгээлге жетсе керек...
Булак: NazarNews.kg