www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Октябрь райондук сотунда Чүй облусунда президенттин мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата козголгон кылмыш иши карала баштады. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 176-статьясы боюнча “Эки аял алуу жана көп аялдуулукка” айыпталууда. Бул ишке анын экинчи жубайынын Хабиби Уланованын арызы негиз болгон.
Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзам жүзүндө тыюу салынган. Бирок мыйзам баарына бирдейби деген суроо туулат?
Дегенибиз, эмне үчүн айрымдар эки аял алган делип иш козголуп сотто суралып жатса, ал эми төрт-беш аялы бар экенин ачык айтып жүргөн айрым молдолор, диний ишмерлер же “ажылар” жоопкерчиликке тартылбайт?
Мисалы, эл арасында белгилүү Өзүбек ажы сыяктуу айрым адамдар көп аял алганын жашырбайт. Алар муну “шариат уруксат берет” деген жүйө менен акташат. Бирок Кыргызстан – светтик мамлекет. Бул жерде мыйзам динден жогору турушу керек. Эгер бирөөгө төрт аял алууга уруксат берилсе, анда мыйзам эмне үчүн башкаларга иштейт, ал эми молдолорго келгенде “шал болуп” иштебей калат? Акыйкаттык болсун десек, көп аялы бардыгын жар салып мактанып жүргөн Өзүбек ажыга окшогон молдолордун мыйзам алкагында жоопкерчилиги каралып, жосунсуз жоруктары башкаларга үлгү болбогудай ооздукталууга тийиш.
Дегенибиз, Мияровдун мисалы чынында мыйзамдын тандалма колдонулуп жатканын айгинелеген көрүнүш. Кээ бирлер үчүн мыйзам бар, кээ бирлер үчүн жок сыяктуу таасир калтырат. Натыйжада үй-бүлөлүк институт алсырап, аялдар менен балдардын укуктары тебеленип калууда.
Арийне, молдолор үчүн көп аялдуулукту “диндин талабы” деп көрсөтүү жоопкерчиликтен качуунун ыңгайлуу жолу болуп калды. Бирок ошол эле шариатта аялдардын, балдардын материалдык жана моралдык камсыздалышы катуу талап кылынат. Реалдуу турмушта болсо көп аял алгандардын көбү бул жоопкерчиликти толук аткарбайт. Натыйжада балдар кароосуз, аялдар корголбос абалда калат.
Мамлекет мындай көрүнүштөргө көз жума берсе, үй-бүлөлүк институт толук талкаланып бүтөт. Үй-бүлө – коомдун негизи. Аны диний ураандар менен бузуп, жоопкерчиликсиз мамилелерди жайылтуу келечек үчүн коркунучтуу.
Мына Мирбек Мияровдун иши бир гана адамдын эмес, бүтүндөй системанын маселесин ачып берди. Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзам менен тыюу салынган болсо, ал баарына бирдей иштеши керек. Болбосо мыйзам кагаз жүзүндө гана калат. Коом мыйзамдын үстөмдүгүн талап кылууга тийиш. Анткени мыйзам тандалма иштеген жерде адилеттүүлүк болбойт.